Ош облусунун экс-башчысы Жамалдинов эки айга камакка алынды

  • 4 недели мурун

Президенттин Ош облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, экс-депутат Зиядин Жамалдинов камакка алынганы белгилүү болду.

Бул тууралуу бир катар ЖМК жазды. Маалым болгондой, ал 15-апрелде кармалып, соттун чечими менен 10-июнга чейин тергөө абагына камакка алынды.

Зиядин Жамалдинов уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деп айыпталууда.

ИИМ расмий маалымат бере элек. Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп 2021-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон.

Сүрөттө: Зиядин Жамалдинов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты