Зилзала: Ураган имараттарда курулуш эрежелерин сактабагандыгына шектүүлөргө издөө жарыяланды

  • 1 год мурун

Түрк бийлиги имараттары урап калган курулушчуларды коопсуздук эрежелерин сактабагандыгына шектүү деп таап, аларга издөө жарыялады.

Бул тууралуу өлкөнүн вице-президенти  Фуат Актайдын айткандарына шилетеме берип, Анадолу агенттиги билдирди.  

“Зилзалада курган имараттары урап калган 131 киши шектелүүдө. Алардын бирөө камалды, 113 кишини кармоо токтомдору чыкты. Шектүүлөр изделип жатат” деп билдирди вице-президент.

Буга чейин эксперттер урап калган үйлөрдөгү көптөгөн кемчиликтерди таап чыгышкан.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Зилзаланын кесепетинен Түркияда 24 миңдн ашык киши каза тапкан.

Сүрөт: GLOBAL LOOK PRESS

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты