Зилзала: Түркияда кыргыз жараны каза болгондугу тууралуу маалымат тастыкталды  

  • 1 год мурун

6-февралда Түркияда болгон табигый кырсыктын кесепетинен Хатай шаарында 1986-жылы туулган кыргызстандык Б.М. аттуу жаран каза болгондугу тууралуу маалымат, ырасталды.

Маалымат маркумдун жакындары тарабынан такталганын Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Фейсбуктагы баракчасы аркыоуу билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Антальядагы башкы консулдугунун кызматкерлери кыйраган көп кабаттуу үйдүн урандыларын жоюу иштери жүрүп жаткан Хатай шаарында болушту. Бардык керектүү документтер түзүлүп, мекендешибиздин сөөгү жакын арада Кыргызстанга жөнөтүлөт. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм «деди элчи.

Буга чейин жер титиреген Түркиянын Хатай шаарында кыргызстандык келиндин сөөгү кыйраган үйдүн урандыларынын алдынан табылганын 9-февралда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы жер титирөөдө кыргызстандык келин каза болгону тууралуу маалымат 10-февралдын күндүзгү саат 12сине карата расмий тастыктала элек экенин маалымдаган.

Сүрөт: Ercin Erturk, Murat Sengul / Anadolu Agency

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты