Түркиядагы зилзалада кыргызстандык келин каза тапканы кабарланды

  • 1 год мурун

Жер титиреген Түркиянын Хатай шаарында кыргызстандык келиндин сөөгү кыйраган үйдүн урандыларынын алдынан табылганын 9-февралда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу «Азаттыкка» билдирди.

Анда маалымдалгандай, 37 жаштагы кыргызстандык келин хатайлык карыяны багып, иштеп жүргөн. Карыя менен кошо аны караган келин да набыт болгонун консулдукка иш берүүчү үй-бүлө тастыктаган.

Консулдуктун кызматкерлери учурда мигрант келиндин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча иш жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Азырынча маркумдун тек-жайы тууралуу толук маалымат бериле элек.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Сүрөт: Ercin Erturk, Murat Sengul / Anadolu Agency

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты