ТИМ: Түркиядагы жер титирөөдө кыргыз жараны каза болгону тууралуу маалымат тастыктала элек
- 10 months мурун
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы жер титирөөдө кыргызстандык келин каза болгону тууралуу маалымат 10-февралдын күндүзгү саат 12сине карата расмий тастыктала элек экенин билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, ушу тапта ал келин жашаган аймакта куткаруу иштери уланып жатат, аны менен байланыш жок болууда. Антальядагы Башкы консулдуктун жетекчилиги жана кызматкерлери азыр ошол жерде жүрүшөт.
Буга чейин Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында Кыргызстандын бир жараны каза тапканы, хатайлык карыяны багып, иштеп жүргөн келиндин сөөгү кыйраган үйдүн урандыларынын алдынан табылганы 9-февралда маалымдалган.
Муну бөлүшүү