Зилзала: Түркияда курман болгондордун саны 35 миңден ашты

  • 1 год мурун

Түркияда зилзаладан курман болгондлрдун саны 35 миңден ашты.

Бул курмандыктар 1939-жылы Түркияда болгон жер титирөөдөгүдөн алда канча көп. Февраль айындагы зилзала Түркиянын тарыхындагы эң көп курмандыкка алып келди.

Ал эми Сирияда зилзаладан курман болгондордун саны 5800гө жетти.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты