Жыргалаң суусуна түшүп кеткен кыздардын экинчиси изделүүдө

Түп районуна караштуу Михайловка дачасындагы Жыргалаң суусун түшүп кеткен экинчи кызды өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 11 куткаруучу, 4 суучул, жергиликтүү тургундар менен бирге иш алып барууда.

25-майда Жыргалаң суусунун сол тарабынан 2016-жылы туулган Т.С. аттуу кичине кыздын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылды.

18-май күнү Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар издеп жатышкан.  

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты