Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 6-7 жашар эки кызды издөөгө 160тан ашык адам чыкты

  • 2 месяца мурун

Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 6 жаштаг ыжана 7 жаштагы  эки кызды издөө ишин улантууга бүгүн, 21-май күнү жалпы 161 адам чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, анын ичинен ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген 29 куткаруучу, суучулдар кызматынан 10 суучул издөөгө чыгышкан.

Ошондой эле ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 112 адам, 4 кайык, 2 катер тартылган.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

20-майда Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кызды издөө ишин улантууга жалпы 218 адам чыкты.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты