Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кыз изделүүдө

  • 2 месяца мурун

Ысык-Көл облусунда Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кыз 18-майдан тарта куткаруучулар тарабынан изделүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 19-майда издөө иштери улантылып, ага Каракол шаардык N 15 өрт куткаруу бөлүгүнөн 37 куткаруучу, облустук башкармалыктан куткаруучу дрон жана эки кайык менен тартылды. Мындан сырткары ИИМден 60 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам издөөгө чыгышты.

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылынын дачасында Жыргалаң суусуна 2017-ж.т. К.М. жана 2016-ж.т. Т.С. аттуу кыздар түшүп кеткендиги кабарланган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты