Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи кыздын сөөгү табылды   

  • 2 месяца мурун

28-май күнү Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 7 жаштагы К.М. аттуу кыздын сөөгү көлдүн Дача тилкесинин жээгинен 500 метр алыс жерден  куткаруучулар тарабынан табылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыздын сөөгү туугандарына берилди.

Маалым болгондой буга чейин 6 жаштагы Т.С. аттуу кыздын сөөгү суудан 25-май күнү жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

18-май күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп жеринде издөө иштери жүрүп жаткан.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты