Бишкектен уурдалган унаа Жалал-Абаддан табылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) кызматкерлери автоунаа уурдоого шектүү экөөнү кармады.

Бул тууралуу Биринчи май ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 26-сентябрда Биринчи май РИИБге Ш.Э. арыз менен кайрылып, 25-сентябрда саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Васильев көчөсүндө токтоп турган «Mercedes-Benz E 210» үлгүсүндөгү автоунаасын кимдир-бирөө ээлеп алганын билдирген.

Аталган факты боюнча Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси («Автомототранспорт каражатын айдап качуу») менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Т.Б. жана М.А. аттуу жарандар аныкталып, кармалган.

Алар Биринчи май РИИБ тергөө кызматына жеткирилип, андан соң Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган автоунаа Жалал-Абад облусунун аймагынан табылган.

Бишкектен уурдалган унаа Жалал-Абаддан табылды

Сүрөттөр: Биринчи май РИИБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты