Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 6-7 жаштагы  эки кызды издөөгө 200дөн ашык адам чыкты   

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 20-майда, Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 6 жаштагы жана 7 жаштагы эки кызды издөө ишин улантууга жалпы 218 адам чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каракол шаардык №15 Өрттөн куткаруу бөлүгүнөн (ӨКБ) 19 куткаруучу, Ысык-Көл облустук башкармылыгынан 1 офицер, 1 дрон, 2 кайык менен, Суучулдар кызматынан 10 суучул, 2 моторлуу кайык, Түп райондук №34 ӨКБдан 15 куткаруучу тартылып, жеринде ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде штаб түзүлдү.

Мындан сырткары ички иштер министрлигинен (ИИМ) 10 кызматкер, 1 моторлуу кайык, жергиликтүү тургундардан 163 адам 6 кайык, 1 катер, суу астынан тартуучу камера менен, 1 скутер менен тартылды.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу кыздар түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты