Жылдызкан Жолдошева: Кимиси болбосун, президенттик тактыга жеткенден кийин монстрга айланат экен
- 2 года мурун
Бишкекте өтүп жаткан курултайда саясатчы Жылдызкан Жолдошева президенттик-парламенттик башкарууга өтүү зарыл экенин билдирди.
-Бизге президенттик башкаруу болбойт экен. Башынан кандай кыйынчылык өтсө дагы, кимиси болбосун, президенттик тактыга жеткенден кийин монстрга айланат экен. Ошондуктан биздин өлкөдө президенттик-параламенттик башкарууга өтүшүбүз зарыл. Анткени, Садыр Нургожоевич сизден кийин ким бийликке ким келет, өлкөнү кайда алып барат?—деди Жылдызкан Жолдошева.
Бүгүн, 25-ноябрда, Бишкекте элдик курултай өтүп жатат.
Сүрөт: «ПолитКлиника».
Муну бөлүшүү