Жапаров: Быйылкы жылы “Кумтөрдөн” 678 миллион доллар таза киреше көрдүк
- 2 месяца мурун
“Кумтөрдөн” быйылкы жылы эле 678 миллион доллар таза киреше алынды.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, IV элдик курултайда делегаттар алдындагы сөзүндө билдирди.
“Кумтөр” кенин өзүбүздүн мамлекетке алганыбыздан бери көргөн пайдабыз тууралуу дайыма кеңири сөз болуп келе жатат. “Кумтөрдөн” быйылкы жылы эле 678 миллион доллар таза киреше көрдүк. 2020-жылга чейин 1 миллион доллар да киреше бербеген «Кыргыз алтын» быйылкы жылда 200 миллион долларлык киреше берди. Мурда жылыга мамлекеттен 300 миллион сомго чейин дотация алып олтурган “Макмал” алтын кени тескерисинче быйыл 670 миллион сом таза кирешеге чыкты. «Кыргыз алтындын» былтыр жаңы ачылган алтын дүкөнү бир жылда 735 миллион сом таза киреше алды” деди президент.
“2021-жылга чейин дайыма чыгашага иштеп келген, мамлекеттик бюджеттин мойнуна минип дотацияда отурган «Кыргызстан аба жолдору», «Кыргыз темир жолу» сыяктуу көптөгөн тармактар да кирешеге иштей башташты. Каражаттар кайсыл жактан түшүүдө деп көптөр кызыккан суроолордун жообу мына ушул тармактарда жатат” деди Садыр Жапаров.
Сүрөт: president.kg




