Элдик IV курултай ишин улантат
- 6 месяцев мурун
Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда IV элдик курултай өтүп жатат. Бүгүн, 26-декабрда курултай өз ишин улантат.
Түз эфир УТРКнын эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда жеткиликтүү болот.
Түз алып көрсөтүү 26-декабрда саат 10:00дө башталат.
Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулду. Иш-чарага чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин жана диний конфессиялардын өкүлдөрү да чакырылган.
Курултайдын жүрүшүндө катышуучулар аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө жана калктын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатууга багытталган маселелерди көтөрүштү.
Курултайдын биринчи күнүндө президент Садыр Жапаров баяндама жасады.
Делегаттар унаа жолдорун оңдоо жана куруу, суу менен камсыздоо объекттерин жана социалдык мекемелерди жаңылоо, ошондой эле аймактарда жеткиликтүү турак жай куруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле жайыт жерлерине байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жана мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча сунуштар айтылды.
Мындан тышкары, Курултайдын катышуучулары дары-дармектердин кымбаттыгы, кичи ГЭСтерди өнүктүрүү, туризм тармагын стимулдаштыруу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо маселелерин козгоп, мамлекеттик органдардын калк менен тыгыз байланышынын маанилүүлүгүн белгилешти.
Сүрөт: president.kg




