«Жүз жылдан бери ушундай ийгилик болду беле?» Курултай делегаты Садыр Жапаровго жогорку наам берүүнү сунуштады
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 25-декабрда, Бишкекте өтүп жаткан IV курултайда сөз сүйлөгөн Баткен шаарынан келген делегат Жыламидин Абдрахманов президент Садыр Жапаровго эң жогорку наам берүүнү сунуштады.
-Туугандар, курултайдын катышуучулары, делегаттары, бардыгыңыздар Садыр Нургожоевичтин эмгегин байкап турасыздар. Жүз жылдан бери Кыргыз мамлекетинде ушундай ийгиликтер болду беле? Бардыгыбыз айтып жатабыз, баалайбыз деп. Чындап эле IV курултайдын делегаттары баалап койбойлубу, эң чоң наамды Садыр Жапаровго ыйгаруу жөнүндө, -деди курултайдын делегаты.
Буга чейин президент курултайда сүйлөп жатып, бийликти мактабоону суранган.
-Бийликти мактабагыла. Мактоого биз муктаж эмеспиз. Эгерде мактасаңар оппозиция менен НПОго дагы кудай берет, “дүжүрлөрдү чогултуп алыптыр, атайы мактатты, антти-минтти” деп чыгышат деп билдирген Садыр Жапаров.
Бүгүн, 25-декабрда, Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда IV элдик курултай өтүп жатат. Ага Кыргызстандын жер-жерлеринен шайланып келген делегаттар катышууда. Садыр Жапаров өлкөдөгү бардык тармактардагы жыйынтыктар, жетишкендиктер жана алдыдагы пландар тууралуу кеңири баяндама жасады.
Курултай 25 жана 26-декабрда болот.
Сүрөттө: Курултайдын Баткен шаарынан депутаты. Түз эфирден алынды




