Жыйында кармалган “Чалдовар-автожол” бекетинде коррупцияга шектүүлөр камалды
- 10 месяцев мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун «Чалдовар-Автожол» өткөрмө пунктунун иштөө чөйрөсүндө көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлери тарабынан жаңыдан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кылмыштуу схемага Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери, Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери тартылган.
«Чалдовар-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иштөө чөйрөсүндө Мамлекеттик салык кызматынын, Чек ара кызматынын жана Транспорт жана коммуникация министрлигинин кызмат адамдары айрым «түртмөлөгөн» адамдар менен ич ара келишип алып, жасалма товардык коштомо документтерин (ташылып келинген товардын иш жүзүндөгү көлөмүн жана наркын бурмалоо менен) колдонуу менен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды мыйзамсыз импорттоо боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкандыгы аныкталган.
Ошол эле учурда, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча аныкталган маалыматтарга ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды жасалма документтер менен мыйзамсыз импорттоону жүзөгө ашыруу максатында, ошондой эле өлкө аймагына аткезчилик жолу аркылуу импорттолгон товарлардын изин жашыруу үчүн жогоруда аталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына акчалай сый акылары «М-Банк» электрондук капчыктарына которуу жана накталай түрдө тапшыруу жолу менен ишке ашып турган.
2025-жылдын 24-сентябрында бир катар тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында Мамлекеттик салык кызматынын 7 кызматкери, Чек ара кызматынын 6 кызматкери, Транспорт министрлигинин 4 кызматкери, Айыл чарба министрлигинин 6 кызматкери, ошондой эле «түртмөлөөчүлөр» кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Буга чейин айтылгандай, мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ортосундагы мыйзамсыз сый акынын өлчөмү 5000 сомдон 7000 сомго чейин жеткен. Алынган маалыматтар боюнча «Чалдовар Автодорожный» өткөрмө пунктунан мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан күн сайын 80 миң сом чогултулган. Аталган коррупциялык схеманын аракеттери менен республиканын бюджетине миллиондогон зыян келтирилген.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




