Көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги коррупцияга шектелип, аткаминерлердин тобу жыйын учурунда кармалды
- 4 месяца мурун
Бүгүн, 24-сентябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда жыйын болуп өттү.
Кеңешменин жүрүшүндө УКМК төрагасы Ташиев 2025-жылдын 20-январында күчүнө кирген «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынганына карабастан, айрым жетекчилер тарабынан кызматкерлердин милдеттерин көзөмөлдөшү, иштин аялуу жерлерине кадр дайындоо маселеси начар болуп жатканын белгиледи.
Бүгүнкү кеңешменин темасы Чүй облусундагы «Чалдовар-Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал экенин айтты.
“Чалдовар-Автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктунун иш зонасында Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Транспорт министрлигинин жана Айыл чарба министрлигинин кызмат адамдары өзүнчө «ортомчулар» менен сүйлөшүп, жалган товарларды-коштоочу документтерди колдонуу менен ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоо (контрабанда) боюнча коррупциялык схеманы түзүшкөндүгү аныкталган.
Ошол эле учурда, кылмыш-жаза кодексинин 336–беренесинде (коррупция) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча КР жарандары Ж.Н.Т.,Ш.у.К. (Чалдовар айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты), Т.К.Э. жана Өзбекстан жараны Т.Э.Н. ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоону жүзөгө ашыруу максатында «Жорго ТД» ЖЧКсын жана «Радиант» ЖЧКсын катташып, аталган мамлекеттик органдардын кызматкерлерине «М-Банк» интернет капчыгын толуктоо аркылуу жана КРга товарларды контрабандалык жол менен алып келүүнү жашыруу үчүн накталай формада дайыма пара түрүндө акча каражаттарын берип турушкан.
18-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.Ж. жана Э.Т.дан, товарларды мыйзамсыз алып өтүүдөгү орун алган коррупциялык схема, анын ичинде кызмат адамдары тарабынан системалуу түрдө акча каражаттарын алуу фактылары боюнча төгүндөлгүс далилдер алынып, жыйынтыгында Салык кызматынын 7 кызматкери, Чек ара кызматынын 6 кызматкери, Айыл чарба министрлигинин Фитосанитардык кызматынын 7 кызматкери жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын 4 кызматкери жыйын учурунда кармалды.
Аталган коррупциялык схемада «ортомчулар» «ТД Жорго» жана «Радиант» фирмалары аркылуу жасалма маалыматтар менен жасалма документтердин негизинде жүк ташып келүү үчүн оор жүк ташуучу бир транспорт бирдигине 1500дөн 2000 АКШ долларына чейин акча алышкан.
Мында мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ортосундагы мыйзамсыз сый акынын өлчөмү 5000 сомдон 7000 сомго чейин жеткен. Алынган маалыматтар боюнча «Чалдовар Автодорожный» өткөрмө пунктунан мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан күн сайын 80 миң сом чогултулган. Аталган коррупциялык схеманын аракеттери менен республиканын бюджетине миллиондогон зыян келтирилген.


Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




