Журналисттердин сот процесси жылдырылды. Капаровдун адвокатынын өзү тергөө абагында
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 9-декабрда, Бишкек шаардык сотунда журналисттер Азамат Ишенбеков, Махабат Тажыбек кызы, Айка Бейшекеева жана Актилек Капаровдун иши боюнча соттук отурум жылдырылды.
Кийинки соттук отурум 18-декабрда саат 9:30да өтөт. Бул тууралуу сот процессин чагылдырууга барган «ПолитКлиниканын» кабарчысы Нурсулуу Нурдинова билдирди.
Соттук отурумдун жылдырылышына эксперттердин келбей калганы жана Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковдун өзү тергөө абагында экендиги себеп болду.
25-ноябрда Бишкек шаардык сотунда 11 журналисттин иши боюнча сот отуруму өттү. Шаардык сот жети журналист боюнча Ленин райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ал эми Азамат Ишенбеков, Махабат Тажыбек кызы, Айке Бейшекеева жана Актилек Капаровдун иши боюнча соттук отурум 9-декабрда улантылаары кабарланган.
Бишкек шаардык сотунда 11 журналисттин жетөө боюнча — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталган Ленин райондук соттун чечими күчүндө калтырылды.
Ал эми Азамат Ишенбеков, Махабат Тажыбек кызы, Айке Бейшекеева жана Актилек Капаровдун ишин кароо 9-декабрда улантылаары айтылган.
10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталган.
16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган.
Кийин редакция кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган. 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Биринчи май райондук соту Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Махабат Тажыбек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Актилек Капаровдун жана Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн дагы узарткан.
Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.
Сүрөт: Түз эфирден