«Самат Матцаковдун кармалышына адвокаттар тынсызданууда». Алар президентке кайрылуу жолдошту
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 3-декабрда Бишкек шаарында адвокаттар Самат Матцаковдун кармалышы боюнча маалымат жыйын беришти.
Анда Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова Самат Матцаковдун кармалышына адвокаттар тынчсызданып жатканын айтты. «Маалымат жыйын аркылуу президентке, башкы прокурорго, УКМКнын төрагасына, Жогорку Соттун төрагасына кайрылууну чечтик. Өзүңүздөр жакшы билгендей, 29-ноябрда адвокат Самат Матцаков кармалган. Ага карата камакка алуу бөгөт чарасы тандалган. Бул боюнча жалпы адвокаттар коомчулугу тынчсызданууда. Себеби адвокаттар ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан учурда камакка алуу мыйзам чегинде аныкталган. Конституциянын 64-беренесинде адвокаттардын укук милдеттери көрсөтүлгөн жана ал мыйзам менен аныкталат деп бекитилген. «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» мыйзамынын 29-беренесинде адвокаттардын кол тийбестиги так жазылган. Кайсы учурда адвокаттарга кылмыш иши козголот? Эгерде адвокат кылмыш кылып жаткан жеринен кармалбаган учурда ага кылмыш иши козголбойт. Адвокаттардын кол тийбестиги кооптуу болуп жаткандыктан маалымат жыйын аркылуу жалпы коомчулукка кайрылууну чечтик», — дейт Мейил Бегилерова.
Ал эми Матцаковдун жактоочусу Нурсултан Жаныбеков адвокатты кармоо учурунда мыйзам бузуулар болгонун белгиледи. «Кыргызстандын башкы мыйзамы, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык, жактоочуну өзүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу жана кардары менен байланышкан иштер боюнча эч качан суракка чакырганга болбойт. Бирок ошого карабастан УКМКнын кызматкерлери бир нече жолу ал адамды суракка чакырып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарын одоно түрдө бузуу менен анын үйүнө тинтүүгө барышат. «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» мыйзамынын 29-беренесине ылайык, жактоочунун үйүнө же болбосо анын иш бөлмөсүнө кирүү үчүн соттун токтому болушу керек. Бирок тергөөчү соттун токтому жок эле анын үйүнө тинтүүгө барган. Тинтүүгө барганда дагы эч кандай кылмышка тиешелүү маалыматтар, далилдер алынган жок.
Мындан тышкары, аны кармоо учурунда дагы Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жоболору одоно түрдө бузулган. Аны бир гана айыпкер катары жоопко тартуу менен чектелип, алар анын кармалганын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшертүү үчүн сотко алып келишкен жок. Сот учурунда тергөө органдары, сот анын бөгөт чарасын тандоодо туугандарына, жакындарына дагы маалыматтарды бербей, эркиндигин чектеген. Мыйзам бузуулар боюнча сот бийлигине, башкы прокуратурага, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна кайрылуулар, даттануулар жөнөтүлгөн», — деди Нурсултан Жаныбеков.
Нурсултан Жаныбеков президент Садыр Жапаровго кайрылып, ушул маселени өз көзөмөлүнө алып, мыйзам чегинде чечип беришин суранды.
Эске салсак, 29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети адвокат Самат Матцаковду кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Матцаковду 30-декабрга чейин камакта калтырган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо) менен иш козголгон.