Журналисттер күбө катары сурак берип бүтүп калышты

  • 4 месяца мурун

Ички иштер министрлигинде (ИИМ) “Темиров LIVE” жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун журналисттери Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбеков, Жумабек Турдалиев, Максат Тажыбек уулу күбө катары сурак берип бүттү. 

Бул тууралуу журналисттерге алардын адвокаты Баатыр Ботобеков билдирди. Алар күбө катары көрсөтмө берди.

Ал эми Temirov Live оператору Акыл Орозбековдун үйүн тинтүү үчүн мииция үйүн көздөй алып кетишккнин «ПолитКлиниканын» кабарчылары жеринде билдирдишти.

«12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык, “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар» деп аныкталгандыгын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Аталган экспертизанын жыйынтыгы менен ИИМдин тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү менен  (Бийлик өкүддөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) кылмыш ишин козгоп, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Бүгүн, 16-январда, «ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы Тыныстан Асыпбек уулунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, аны ИИМдин тергөө башкармалыгына суракка алып кетишти. Тыныстан Асыпбек уулуна жапырт башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду. Андан тышкары “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, бул командада иштеген журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, ушул эле долбоорлордо иштеген Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүндө тинтүү жүрдү.

Милиция “Темиров LIVE”, «Айт-Айт Десе» долбоорлорунун азыркы жана мурдагы кызматкерлери Актилек Капаровду, Айке Бейшекееваны, Азамат Ишенбековду, Жоодар Бузумовду, Сайпидин Султаналиевди, директору Махабат Тажибек кызын суракка алып кеткен. Сурак берип жаткан ондой журналистке массалк башаламдынка чакырык боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.

Журналисттер 8 сааттай убакыттан бери ИИМде сурак берип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты