Чыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасма тартылат

  • 12 месяцев мурун

Жаш режиссёр жана оператор-коюучу Каныбек Калматов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачыл жолу жөнүндө ири көркөм тасма тартыларын жарыялады.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, долбоор буга чейин кесиптик чөйрөдө чоң кызыгуу жараткан. Каныбек Калматов Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянын экрандаштырууга жазуучунун уулу Эльдар Айтматов менен келишим түзгөн. Жаңы тасма бала чагынан тартып дүйнөлүк аренага таанылганга чейинки Чыңгыз Айтматовдун өмүрүндөгү негизги баскычтарды камтыган толук метраждуу биографиялык фильм болот. Тасма чыныгы окуяларга негизделип, көркөм көрүнүштөргө жана эмоцияга бай.

Сюжеттин борборунда жазуучунун угуу укугу, идея үчүн, улуттук өзгөчөлүк үчүн күрөшү камтылган. Фильм Айтматовдун өмүр жана чыгармачылык жолун баяндап тим болбостон, кыргызстандыктардын жаңы муунун өз кыялдарына ишенип, аларды ишке ашырууга шыктандырууга багытталган.

Каныбек Калматов ВГИКтин кинематография факультетинин бүтүрүүчүсү. Ал буга чейин кыргыз киносунун тарыхында эң көп киреше алып келген «Бейиш эненин таманында» тасмасынын башкы оператору катары таанылган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты