Көз карандысыз ЖМКдан жалпысынан он журналистти суракка алып кетишти

  • 4 месяца мурун

Ички иштер министрлиги суракка көз карандысыз медиалардан жалпысынан он журналистти суракка алып кетишти.

«ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы Тыныстан Асыпбек уулунун үйүндө да тинтүү жүргүзүп ИИМдин тергөө башкармалыгына суракка алып кетишкени жана ага массалык башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Андан тышкары “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, бул командада иштеген журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, ушул эле долбоорлордо иштеген Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүндө тинтүү жүрдү.

Сапар Акунбековду милиция Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка алып кеткенин билдирди. Анын маалыматы боюнча, ИИМ “массалык башаламандыктарга чакыруу” айыбы менен кылмыш ишин козгогон.

Милиция дагы бир эркин журналист, “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы кызматкери Актилек Капаровду, Сапар Акунбековду Айке Бейшекееваны, Азамат Ишенбековду, Жоодар Бузумовду, Сайпидин Султаналиевди да суракка алып кеткени белгилүү болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты