Журналист Семетей Талас уулунун баш коргоо чарасы каралууда (Видео)

Бүгүн, 3-ноябрда, Бишкнк шаарынын Биринчи май раойондук сотунда журналист Семетей Талас уулунун баш коргоо чарасы каралууда.

Семетей Талас уулу Фейсбук тармагында бир материал менен бөлүшкөнүн билдирди. Ал сайт диний-экстремисттик уюмдуку экенин билген эместигин кошумчалады. Үйүн тинткенде дагы муфтияттан уруксат берилген диний адабияттар, катардагы эле материалдар болгонун айтты.

Семетей Талас уулу саясий негизде кармалганын билдирди.

Буга чейин ал 48 саатка камакка алынган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист Семетей Талас уулунун кармалышына байланыштуу комментарий берди. Андагы маалыматка ылайык, журналистке буга чейин кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (эстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон.

Семетей Талас уулу Фейсбуктагы баракчасына Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюнча келишимди бир нече жолу сынга алып жазган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты