ИИМ Семетей Талас уулуна «хизбутчуларга» байланыштуу айып коюлганын билдирди

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист Семетей Талас уулунун кармалышына байланыштуу комментарий берди. Андагы маалыматка ылайык, журналистке буга чейин кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (эстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон.

«Комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анда социалдык тармактын колдонуучусунун билдирүүсүндө Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган» деген корутунду чыгарылган. Семетей Талас уулу Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына киргизилди, ишти иликтөө уланууда»- деп жазылган маалыматта.

Журналист Семетей Талас уулу 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ага чейин Семетей Талас уулу Фейсбуктагы баракчасына аны ИИМ суракка алып баратканын жазган.

Семетей Талас уулу Фейсбуктагы баракчасына Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюнча келишимди бир нече жолу сынга алып жазган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты