Журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыкты (Видео)

Бүгүн, 3-ноябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыгарылды.

Семетей Талас уулу Фейсбук социалдык тармагында бир материал менен бөлүшкөнүн билдирди. Ал сайт диний-экстремисттик уюмдуку экенин билген эместигин кошумчалады. Үйүн тинткенде дагы муфтияттан уруксат берилген диний адабияттар, катардагы эле материалдар болгонун айтты.

Семетей Талас уулу саясий негизде кармалганын билдирди.

Ал буга чейин 48 саатка камакка алынган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке буга чейин кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (эстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгондугун билдирген.

Семетей Талас уулу Фейсбуктагы баракчасына Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюнча келишимди бир нече жолу сынга алып жазган.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты