Журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча райондук сот ишин кайрадан баштайт
- 7 месяцев мурун
Бүгүн, 23-мартта, саат 10:30да Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунд журналист Махабат Тажибек кызынын кылмыш иши жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карала баштайт. Бүгүн алдын-ала угуу өтөт.
Бул тууралуу анын жактоочусу Асел Аргымбаева билдирди.
Алдын ала угуу жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жактоочунун ходатайствосу боюнча белгиленди. Жактоочунун айтымында, алдын ала угуунун максаты сот башталганга чейин негизги процессуалдык маселелерди, анын ичинде кылмыш ишинин мыйзамдуулугу жана андан кийинки иштерди карап алуу болуп саналат.
2026-жылы 10-мартта Жогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап, буга чейинки чечимдери жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жөнөттү.
Жогорку сот Махабат Тажибек кызын алты жылга эркинен ажыраткан Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы чечимин, 2024-жылдын 18-декабрындагы аны күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун чечимин жана эки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган Жогорку соттун 2025-жылдын 25-февралындагы өкүмү жокко чыгарды.
Буга чейин журналисттин ишин караган Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) жумушчу тобу 2025-жылдын 16-ноябрында Махабат Тажибек кызынын кармалышы мыйзамсыз жана ал бошотулууга тийиш экенин расмий билдирген.
Буга байланыштуу жактоочулар Жогорку сотко жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароо керектиги боюнча кайрылган.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылган.
2025-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.
Махабат Тажибек кызы — өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы. Учурда №2 түзөтүү абагында жазасын өтөөдө.
Сүрөт: «ПолитКлиника». Сотто. 2025-жыл.




