Журналист Кундуз Жолдубаева менен Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы милицияга суракка чакырылды

  • 5 месяцев мурун

Журналист Кундуз Жолдубаева менен  «Айт-айт десе» жана «Темиров лайв» долбоорлорунун менеджери, иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы Бишкек шаарынын Биринчи май районуна суракка чакырылды.

Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасында кабарлады.

Суракка чакыруунун себеби Жогорку Кеңештин  депутаты Надира Нарматованын арызы болгон. “Арча-медиа” Ютуб каналынын “Чиновниктердин жана депутаттардын кимисинин Матраимовдун жана Көлбаевдин мафиясына тиешеси бар?” аттуу эфирде Кундуз Жолдубаева алып баруучу,  анын мейманы “Айт-айт десе” жана “Темиров лайв” долбоорлорунун менеджери Махабат Тажибек кызы болгон.

Берүүдө мыйзамсыз билдирүүлөр болгон эместиги белгиленди.   

Өткөн жылы 28-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Боло Темировду актоо өкүмүн чыгарды. Сот Болот Темировдун ишиндеги бир гана эпизод- 379-берене боюнча күмөн бар деп тапты.

Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 23-январда Болот Темиров эч жакка чыкпоо кепилдиги менен бошотулган.

Өткөн жылы 23-ноябрда Бишкек шаардык соту Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Аны сот залынан кармап алып кетишкен.

Сүрөт: Биринчи май ИИБ имараты. Интернет булактарынан.       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты