Жоробековдун иши: Экспертиза анын сөзүндө башаламандыкка чакырык жок деп тапты

  • 2 месяца мурун

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, камалып отурган активист Афтандил Жоробековдун иши боюнча экспертиза анын сөзүндө башаламандыкка үндөгөн чакырык жок деген бүтүм чыгарды.

Бул тууралуу Афтандил Жоробековдун жакындары билдирди.  

“Корутунду чыкты, эксперттер анын сөзүндө башаламандыкка үндөгөн чакырыктар жок экенин белгиледи” деди Жоробековдун туугандары.

Жоробековдун иши: Экспертиза анын сөзүндө  башаламандыкка чакырык жок деп тапты

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 21-майда активист Автандил Жоробековдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүү чечимин чыгарды. Мамлекеттик айыптоочу сотко Жоробековдун айрым маалыматты тактоо үчүн ишин кайра тергөө сунушун киргизген. Жактоочулар чечимге каршы аппеляциялык арыз беришмекчи.     

2023-жылы 7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаган. 2023-жылдын 20-декабрынан бери Афтандил Жоробековдун иши боюнча сот өтө элек, бирок ал камакта жатат.

Анын бөгөт чарасын Бишкектин Свердлов райондук соту өткөн жылы 8-декабрда кечинде карап, эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Ушундан кийин адвокаттары шаардык сотко кайрылган. Жоробековдун иши Ленин райондук сотуна өткөн.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жоробековго кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш ишин козгогон.

2023-жылы 22-декабрда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду

2023-жылы 20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды. 

Сүрөт: Афтандил Жоробеков сотто. 18-март 2024-жыл. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты