Афтандил Жоробековдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүү чечими чыгарылды

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту активист Автандил Жоробековдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүү чечимин чыгарды.

Бул тууралуу Жоробековдун адвокаты жана жубайы “Азаттыкка” билдирди.

Мамлекеттик айыптоочу сотко Жоробековдун айрым маалыматты тактоо үчүн ишин кайра тергөө сунушун киргизген.   
Жактоочулар чечимге каршы аппеляциялык арыз беришмекчи.     

 2023-жылы 7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаган. 

Анын бөгөт чарасын Бишкектин Свердлов райондук соту өткөн жылы 8-декабрда кечинде карап, эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Ушундан кийин адвокаттары шаардык сотко кайрылган. Жоробековдун иши Ленин райондук сотуна өткөн.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жоробековго кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш ишин козгогон.

20-декабрдан бери Афтандил Жоробековдун иши боюнча сот өтө элек. Бирок ал камакта кармалып турат.

2023-жылы 22-декабрда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду

2023-жылы 20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды. 

Сүрөт: Афтандил Жоробеков сотто. 18-март 2024-жыл. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты