Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жетекчи дайындалды
- 1 месяц мурун
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп Азенбек Козукеев дайындалды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Азенбек Козукеев буга чейин Талас облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеп, ички иштер органдарында көп жылдык тажрыйба топтогон.
Жаңы жетекчиге жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, жол-транспорт кырсыктарын азайтуу, жана «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында техникалык жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков кызматынан бошотулду.
ИИМдин коллегиясында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш-чаралар начар жүргүзүлгөндүктөн, бардык аймактарда жол кырсыктарынын саны кескин түрдө өсүп кеткендиги айтылды.
Сүрөттө: башкармалыктын жа-ы дайындалган башчысы Азенбек Козукеев. mvd.gov.kg




