Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жоробеков кызматтан бошотулду

  • 6 дней мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин коллегиясында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш-чаралар начар жүргүзүлгөндүктөн, бардык аймактарда жол кырсыктарынын саны кескин түрдө өсүп кеткендиги айтылды. Ага байланыштуу башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробеков кызматтан бошотулду.   

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Алмаз Осмонбеков кызмат ордунан бошотулуп, ички аудит кызматынын башчысы кызмат ордуна дайындалды.

Ал эми, ички иштер министринин кеңешчиси  Улан Бийбосунов кызмат ордунан бошотулуп, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы кызмат ордуна дайындалды. 

Сүрөттө: Жеңишбек Жоробеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты