Улуттук онкология борборуна жаңы директор дайындалды
- 19 часов мурун
- Жаңылыктар
Улутттук онкология борборуна Бахадыр Бебезов жетекчи болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Улуттук онкология жана гематология борборунун жамаатына борбордун жаңы жетекчисин тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Бебезов Бахадыр Хакимович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директору болуп дайындалды.
Сүрөттө: Бахадыр Бебезов. Саламаттык сактоо министрлиги
Муну бөлүшүү




