БШК Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан ажыратты

  • 11 месяцев мурун
БШК Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыратты. Мындай чечими бүгүн, 26-августта аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

7-июнда Бишкектин административдик соту №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду депутат катары тааныган чечимдери да жокко чыгарылган.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров парламентке депутат болуп шайланган. Саясий жарышка жалпы жети талапкер катышкан.

Талапкерлердин бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров шайлоодо добуш сатып алды деген жүйө менен анын мандатын жокко чыгарууну суранган.

Өмүрбек Бакиров былтыр декабрда “Азаттыкка” берген комментарийинде соттун Равшанбек Рысбаевдин арызын канааттандырып койгонун “мыйзамсыз” деп сыпаттаган.

Муну Кемпир-Абад маселеси боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Өмүрбек Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты