Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыккан Каныкей Аранова коомдук жумушка жазага тартылган  

  • 2 года мурун

Акыйкатчы Институту маалымдагандай, Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан Каныкей Аранова Өзгөн райондук сотунун чечими менен 30 сааттык коомдук жумуш жасоо жазасына тартылган.

14-октябрда саат 11 чамасында Куршаб-Өзгөн багытындагы жолдо бир топ милиция кызматкери автоунааны тосуп, Каныкей Аранованы Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен жана ага кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси менен протокол түзүп, сотко өткөрүшкөн.

Үйдө 8 жаштагы кызы жалгыз экендигин айтса да, милиция кызматкерлери көңүл бурган эмес. Өзгөн райондук сотунун судьясы прокурордун катышуусунда чечим чыгарган, 8 жаштагы кызы бар экендиги эске алынып, 30 сааттык коомдук жумушка тартуу тууралуу жаза берилген. Кечке жуук гана Каныкей Аранова үйүнө бошотулган.

Каныкей Аранова Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыккандардын митингине катышкан.

Жогорку Кеңештин комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдоду.
Комитет жыйынында келишимдин долбооруна 6 депутат «макул», 4 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты