Жогорку Кеңештин түзүмү каралып, тармактык комитеттер бекитилди

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 9, 30-беренелерине ылайык парламенттин түзүмү каралды.

Депутаттар Жогорку Кеңештин жалпы комитетинин төрагалыгына депутат Улан Примовду шайлашкан.

 Алсак, парламенттин түзүмүнүн долбоорунда: Төрага, анын биринчи орун басары жана эки орун басарлары, ошондой эле 8 тармактык комитет каралган. 

Атап айтканда:

— Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети;

— Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети;

— Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитети;

— Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети;

— Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети;

— Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети;

— Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети;

— Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитети.

Депутаттар парламенттин түзүмүнүн долбоорун бекитишип, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы ачылды. Сессияны жашы улуу депутат катары Машрапова Гүлай ачты. Сессияга президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) өкүлдөрү катышты. Президент Садыр Жапаров VIII чакырылыштын депутаттардын алдында сөз сүйлөдү.

10-декабрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктарын бекиттти. Ага ылайык, БШК 30 көп мандаттуу округда шайлоо өткөнүн таанып, шайлоонун жыйынтыктарына ылайык, 29 көп мандаттуу округдан 87 талапкердин Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгын мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарды.

2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын тизмесине 4 294 243 жаран киргизилип, 1 584 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 % түздү.

БШК өлкө аймагында 2492 шайлоо участогун, 27 аралыктан добуш берүү шайлоо участогун, ал эми чет өлкөдө 100 шайлоо участогун ачты. Аралыктан добуш берүү шайлоо участоктору аркылуу 190 030 жаран шайлоого катышты.

3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланды.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.

Сүрөт: kenes.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты