Жогорку Кеңештин комитети Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдоду  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 4-июнда, Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Курманкул Зулушевдин арызы боюнча башкы прокурор кызматынан бошотууга макулдук берүү жөнүндө маселе каралды жана жактырылды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымат берилди.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурор Курманкул Зулушевди  арызынын негизинде бошотуу жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.

Кечээ, 3-июнда, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкага кете турганы тууралуу маалымат тараган. Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгы маалым болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты