Коргонбай уулу Шаирбек Ташиев менен кумаркана боюнча сүйлөшкөнүн “Азаттыкка” ырастады

  • 1 месяц мурун

Интернетке тараган казино боюнча мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен азыркы депутат Шаирбек Ташиевдин сүйлөшүүсү, чет өлкөдө казиного 1 млн 320 миң доллар уттуруп жиберишкени жана Камчы Көлбаев аларга чалып, казиного уттурган акчаны төлөшү керектигин айткандыгы тууралуу видео тараган.

Интернеттеги видео тасмадагы сүйлөшүү болгонун Жусупбек Коргонбай уулу «Азаттыкка» ырастады.

Коргонбай уулу Интернетке тараган видеону көргөнүн, бирок сүйлөшүү качан, кайсы жерде болгону эсинде эместигин айткан.

“Качан сүйлөшкөнүбүз эсимде жок. Бирок сүйлөшкөнбүз. Видеону көрдүм. Каякта болгон, билбейм. Бирок бир жерде сүйлөшүү болгон. Мен эми жалган сүйлөмөк белем. Болгонун-болгондой да” деген ал “Азаттыкка.

Аталган видеодон белгилүү болгондой, Коргонбай уулу УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев “биздин саясий курска туура келбейсиң” деп депутаттыгын өткөрүүнү талап кылганын айткан. Америкага кеткенде “шоктук кылсаң мындан да жаман болосуң” деп видео жөнөткөнүн да кошумчалаган.   

2024-жылы 23-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган. 22-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган.

Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан мандат алган.

Шаирбек Ташиев социалдык тармактарга тараган видео боюнча комментарий бере элек.

Шаирбек Ташиев 2021-жылы Жалал-Абад №14 бир мандаттуу округунан VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2025-жылдан тартып, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты. Парламенттеги «Ынтымак-Мекенчил» тобунун мүчөсү. Шаирбек Ташиев — УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси.

Сүрөт: Видео тасмадан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты