Жогорку Кеңештин депутаты Чынберди Төлөнов ант берди

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 23-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Чынберди Төлөнов ант берди

Ал депутат Фархат Исмаиловдун ордуна келген.

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Канатбек Маматовду «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарды.

Чечим «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Маматовдун өз арызынын негизинде кабыл алынган.

Канатбек Маматов Фархат Исмаилов боюнча БШКнын чечимин Жогорку Сот күчүндө калтыргандан кийин анын ордуна мандат алмак. Партиянын кийинки тизмесинде Чынберди Төлөнов кезекте турган.

21-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Чынберди Төлөновго депутаттык мандат тапшырылды. 

Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук комитети Исмаилов менен Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматтта Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана юридикалык академияны аяктаганы, Алимжанов Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында окуганы жазылып турат.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

Сүрөттө: Чынберди Төлөнов. БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты