Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
- 2 недели мурун
Кечээ, 30-октябрда, саат 18:00 дө Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көп мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады.
Жалпысынан болуп 589 талапкер көрсөтүлдү (алардын арасынан эркектер — 365, аялдар — 224).
БШКнын маалматында айтылгандай, бүгүнкү күнгө карата 168 талапкер катталды, 19 талапкер өзү шайлоого катышуудан баш тартты, 7 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




