Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетин билдиргендердин саны 343кө жетти
- 2 месяца мурун
Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. 19-октябрга карата 343 жаран арыз тапшырды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин аяктайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.
Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.
Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул шилтемеде:
Сүрөт: «ПолитКлиника»




