Жогорку Кеңештин биргелешкен комитетинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуу каралууда
- 1 год мурун
Бүгүн, 27-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында бир нече комитеттин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркация боюнча макулдашуу каралып жатат.
Бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасап жатат.
Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча «жашыруун» грифи алынып салынарын айтты.
Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында маселе суроо-жоопсуз өттү.
Комитеттердин биргелешкен жыйынынан кийин бул маселе дагы бир жолу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгылат.
21-февралда Бишкек Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов төрагалык кылышты.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери топографиялык жумушчу топтордун жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жетекчилеринин маалыматтарын угушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыктоочу документтерин тариздөө боюнча аткарылган иштердин жыйынтыктарын бекитишкен.
Тараптар төмөнкү долбоорлорду бекитишкен:
— Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим;
— Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.
«Тараптар ошондой эле тиешелүү эки тараптуу эл аралык келишимдерди мамлекет ичинде макулдашуу жол-жобосун баштоого тапшырма беришти. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү»,- деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: kenesh.kg




