Жогорку Кеңеште жаңы шайланган депутат Кубанычбек Самаков ант берди

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 27-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Кубанычбек Самаков ант берди.

Депутат Кубанычбек Самаков  Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттык тобуна кирди. 

20-сентябрдагы БШКнын чечими менен Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо Кубанычбек Самаков жеңүүчү деп табылды.  Кубанычбек Самаков шайлоочулардын 5 миң 279 добушун алган.

10-сентябрда Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өттү.

Сүрөт: Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты