Жогорку Кеңеш Жер кодексинин макулдашылган вариантын кабыл алды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 4-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында. 2025-жылдын 17-апрелиндеги токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамдын макулдашылган варианты үчүнчү окууда кабыл алынды.

20-февралда Бишкекте Жаңы жер кодекси тууралуу мыйзам долбооруна каршы кол топтоолор жүрүп, президентке кайрылуу даярдалды.

Чогулгандар президент Садыр Жапаровду аталган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырып, кайрылуу кабыл алышты. Эгер Жер кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынса, жеке менчикке болгон укук корголбой каларын билдиришти.

Буга чейин, 13-февралда, Жогорку Кеңеш тарабынан жаңы Жер кодекси тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынган.

Мыйзам долбоорунда айыл чарба багытындагы жерлерди, сугат айдоо жерлерин жана жерге жайгаштыруу иштери, жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кароосунда турган жерлердин башка түрлөрүн которуу (трансформациялоо) тууралуу жайыттар менен кошо алганда учурдагы жер укуктук мамилелери боюнча юридикалык натыйжаларды аныктоочу ченемдер каралган. Мыйзам менен дачаларга айыл статусу ыйгарылмакчы.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште кызуу талкууланып, кийин коомчулукта катуу нааразылык жараткан Жер кодексин каршы пикири менен артка кайтарды. Мамлекет башчы бул чечимин Кыргызстанда жеке менчик колтийгис экендиги менен түшүндүрөт. Эгерде огород же турак жай турган жер мамлекеттик максатка зарыл болсо, анда анын ордуна компенсация төлөнүп, же башка жерден тийиштүү жер тилкеси сунушталышы керектиги белгиленди.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты