Жогорку Кеңеш Гүлшаркан Култаеваны БШК мүчөлүгүнөн бошотту
- 10 месяцев мурун
11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Гүлшаркан Култаеваны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралып, колдоо тапты.
Гүлшаркан Култаева Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арыз жазган.
19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү кызматына шайлоо үчүн сунушталган Гүлшаркан Култаеванын талапкерлиги каралды. Гүлшаркан Култаева БШК мүчөсү болуп шайланды.
БШК 18-февралындагы жыйналышында «Ата-журт Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаевнын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү




