Депутат Гүлшаркан Култаева мандатын тапшырды
- 4 недели мурун
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 18-февралындагы жыйналышында «Ата-журт Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаевнын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Депутат Култаева ыйгарым укуктарын ткототуу боюнча арыз берген. Ал БШК мүчөсү болууга аттанып жаткандыгы айтылууда.
Култаеванын ордуна аталган партиядан талапкерлердин тизмеси боюнча Гүлсүнкан Жунушалиевага мандат ыйгарылды.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
Сүрөт: Гүлшаркан Култаева. kenesh.kg
Муну бөлүшүү