Жогорку Кеңеш Эрлист Акунбековду жана Дамирбек Осмоновду министр дайындоого макулдук берди
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 25-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Эрлист Акунбековду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматына, ал эми Дамирбек Осмоновду Саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди.
Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев Президенттин сунуштамаларын тааныштырды.
Жогорку Кеңеш Эрлист Акунбековду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматына, ал эми Дамирбек Осмоновду Саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берип, тиешелүү токтомду кабыл алды.
23-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев кызматынан бошотулду. Анын ордуна Эрлист Акунбеков МинКаб төрагасынын орну басарынын жана министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ошондой эле саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызматтан бошотулду. Анын ордуна Дамирбек Осмонов министрлин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Сүрөт: kenesh.kg




