Эрлист Акунбековдун “УКМК тарабынан кармалышы” боюнча Камчыбек Ташиевдин комментарийи жарыяланды
- 4 дня мурун
- Жаңылыктар
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбековдун “УКМК тарабынан камалганы” боюнча комментарийин Өткүрбек Рахманов Фейсбук тармагына жазды.
“Акунбековдун УКМКда бир нече факт боюнча материалдары болгон. Ага ылайык, Акунбеков мурдагы республикалык Салык кызматынын жетекчилеринин бири менен бизнес өнөктөш болуп келген” деп билдирген Ташиев.
“Кыргызстанга алып келинген жер семирткичтер эгер дыйкандарга сатылса, алардан бажы төлөмү алынбайт” деген өкмөттүн токтому болгон. Камчыбек Ташиев “Эрлист Акунбеков он миңдеген тонна жер семирткич алып келип, “дыйкандарга саттым деп жасалма документтерди толтуруп, бирок аны кен казуучу жана башка ири ишканаларга коммерциялык баада сатып жүргөнү” тергөөнүн жүрүшүндө аныкталганын” айткан.
“УКМКнын тергөөчүлөрү документтерди көтөрүп чыгып, Финансы министрлигинин, Салык кызматынын жана башка тиешелүү органдардын кызматкерлери менен биргеликте мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп чыгышкан. Алдын ала эсеп боюнча, зыяндын көлөмү 3 миллиард сомдун тегерегинде болгон. Мен Акунбеков “ооруп жатам” деп арыз бергенден кийин аны үй камагына чыгаргам. Андан кийинки тергөөнүн жүрүшү тууралуу мен комментарий бере албайм. Бардык материалдар тергөө кызматында бар. Ошол ишти жүргүзгөн кызматкерлердин айрымдары азыр да ошол эле жерде иштеп жатышат” деп айтылат анда.
Кечээ, 7-октябрда, УТРКда Суу чарба ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана блогер Ыдырыс Исаковдун дебаты болуп, анда блогер министрдин УКМК тарабынан кармалганын билдирген.
“Таш заман болгон. Таш заманда “кустуризация” кылып киргизем деген. Эч нерсе таппай төрт ай кармаган. Эч нерсе тапкан эмес» деген Эрлист Акунбеков.
Сүрөттө: Эрлист Акунбеков. Интернет булактарынан




