Жогорку Кеңеш депутаттыгына шайлоого катышууга өзүн өзү көрсөткөндөрдүн саны  77ге жетти    

  • 1 месяц мурун

Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүп, арыз бергендердин саны 6-октябрда саат 18:48де 77ге адамга жетти.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалды.

Арыз бергендердин катарында Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын бир катар депутаттары, шаардык кеңештин депутаттары, жеке ишкерлер, мурдагы министрлер, юристтер, пенсионерлер, жумушсуздар ж.б. бар.  

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.

Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын
тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып, шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда, 2025-жылдын 30-октябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө аяктайт.

Сүрөт: БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты