Президенттин иш башкармалыгы Өмүрбек Бакировду кабинетин бошотуу боюнча кат берди

  • 2 года мурун

Президенттин иш башкармалыгы Өмүрбек Бакировду кабинетин бошотуу боюнча кат берди. Бул тууралуу кат социалдык тармактарга жарыяланды.

Катта 7-кабаттагы кабинетти 18-ноябрь саат 13:00гө чейин бошотуп берүү жөнүндө жазылган.

«Кактус» медиасы жарыялаган видеодон УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен айтыша кеткен Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун кабинетин Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери уруксаты жок ачып кирип, буюмдарын чыгарып жатканын көрүүгө болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты